Урматтуу салык төлөөчүлөр, 2024-жылдын 1-сентябрында ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган транспорт каражатына жана кыймылсыз мүлккө салыктарды төлөө мөөнөтү аяктарын эскертебиз.
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өзүнүн абоненттерине унаа салыгын MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу КОМИССИЯСЫЗ төлөөнүн ыңгайлуу жолун сунуштайт.
Транспорт салыгын төлөө үчүн төмөнкүлөр керек:
• MegaPay тиркемесин жүктөө же жаңылоо (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
• «Кызматтар» бөлүмүн ачып, «Мүлк салыгын төлөө» кошумча барагын тандоо;
• «Транспорт салыгын төлөө» баскычын тандоо;
• транспорттун керектүү түрүн, салык мезгилин тандап, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН) жана транспорттун мамлекеттик номурун киргизүү керек.
Салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелет, сиз болгону төлөмдү ырастооӊуз зарыл.
Төлөм квитанциясы "Төлөм тарыхында" сакталат, зарыл болгон учурда, түзүлгөн квитанцияны басып чыгарууга болот. Төлөм статусун ошондой эле, идентификациялык номер (ИНН), реквизиттин номери жана чектин датасы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын сайтынан да текшерүүгө болот.
Ошондой эле MegaPay’де салыктын төмөнкүдөй түрлөрүн төлөөгө болот:
• Мүлккө, турак жай имаратына, курулмага салык;
• Мүлккө, турак жай эмес имаратка, курулмага салык;
• Мүлккө, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык.
MegaPay колдонмосу жөнөкөй жана интуитивдик интерфейсти сунуштайт, бул бир нече басуу менен салыктарды тез жана коопсуз төлөөгө мүмкүндүк берген. Комиссиянын жоктугу бул кызматты абоненттер үчүн ого бетер жагымдуу кылат, ар бир төлөмдө каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Колдонуучулар банктарга же башка ортомчулук кызматтарга барбастан, түздөн-түз өздөрүнүн мобилдик түзүлүштөрүнөн эле салыктык милдеттенмелерин оӊой эле аткара алышат.
Салыктар өз убагында төлөнбөсө, айып салууга алып келет: жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө. Мындан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасынын 0,09% өлчөмүндө туум алынат.
MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!