Перейти на новый сайт

MEGA студенттер жана мектеп окуучулары үчүн тарифтерди төмөндөтөт!

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жаңы окуу жылынын алдында студенттер жана мектеп окуучулары үчүн “Билим 95” атайын социалдык тарифи тууралуу эскертет.

Тариф заманбап жаштардын окуу процессине аралашууда интернетке тынымсыз кирүү, ошондой эле жакындары менен ыңгайлуу баарлашуу муктаждыктарын эске алат жана ал жумасына болгону 95 сом.

«Билим 95» тарифинин негизги артыкчылыктары:

  1. Билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк:

«Билим 95» абоненттеринде oku.edu.gov.kglib.kgkitep.edu.gov.kg жана башка ушул сыяктуу популярдуу билим берүү платформаларына чектөөсүз кирүү мүмкүнчүлүгү болот, бул окуу үчүн пайдалуу ресурстар ар дайым кол астында болууга шарт түзөт.

2. Чектөөсүз мессенджерлер жана социалдык тармактарга кирүү:

Курдаштар жана мугалимдер менен баарлашууну жеңилдетүү үчүн популярдуу мессенджерлерге жана тиркемелерге чектөөсүз мүмкүнчүлүк берилет. Бул студенттерге жана мектеп окуучуларына трафиктин чыгымдалышы жөнүндө кабатырланбастан байланышта болууга жана достору менен өздөрүнүн ийгиликтери жана таасирлери тууралуу бөлүшүүгө жардам берет.

3. Жеткиликтүү интернет:

Тариф 6 ГБ мобилдик интернетти сунуштайт, бул бир апта бою интернетти ыңгайлуу колдонууга мүмкүндүк берет. Бул окуу тапшырмаларын аткарууга, маалымат издөөгө жана баарлашууга өзгөчө маанилүү.

4. Тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS:

«Билим 95» тарифинин негизги артыкчылыктарынын бири - MEGA түйүнүнүн ичинде чексиз чалууларды аткаруу жана SMS жөнөтүү мүмкүнчүлүгү. Бул абоненттерге кошумча чыгымдар жөнүндө ойлонбостон ата-энелери, достору жана классташтары менен баарлашуу эркиндигин берет.

Кантип кошулса болот?

- мектеп окуучулары: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, студенттер: баа китепчеси, студенттик билет же окуган жеринен маалымкат менен MEGA компаниясынын сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу керек.

- же Mega24 тиркемесинде арыз берүү жолу аркылуу кошулса болот. Mega24’тө арыз берүү үчүн мектеп окуучусу туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн, ал эми студент өзүнүн баа китепчесинин же студенттик билетинин сүрөтүн, же окуган жеринен маалымкатты тиркеши зарыл.

MEGA менен билим көбүрөөк жеткиликтүү.

MEGA - Өзүбүздүн байланышты колдон!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»