Салт боюнча Олимпиада оюндары аяктагандан кийин ошол эле шаарда Паралимпиада оюндары башталат. Быйыл паралимпиадачылардын оюндары 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат.
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Парижде өтө турган оюндарга Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын делегациясын акысыз байланыш менен камсыз кылды.
Бул улуттук колдоону бекемдөөдө жана биздин спортчулар жана машыктыруучулар курамы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө маанилүү кадам болду. Спортчулар жакындары менен тыгыз байланышта болуп, уюштуруу маселелерин ыкчам чечип, өзүнүн таасирлерин өлкөсүндөгү күйөрмандары менен бөлүшө алышат.
Бул оюндарда Кыргызстандын атынан төрт спортчу төрт пара-спорттун түрү боюнча катышат – пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо. Бул өлкөнүн пара-спортунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч, буга чейин Кыргызстандан үчтөн ашык катышуучу болгон эмес.
«Паралимпиада оюндары – жөн эле спорттук иш-чара эмес, бул бирдей мүмкүнчүлүктөр маселесине көңүл бурдурган маанилүү коомдук феномен. Биз компанияда инклюзивдүүлүктү активдүү колдоп келебиз. Биздин кызматкерлердин арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар, жана жалпы ишибизге алардын кошкон салымы баа жеткис», - деп компания белгилеп кетти.
MEGA - Өзүбүздүн байланышты колдон! Өз оюнчуларыбызды колдо!