Перейти на новый сайт

MegaPay Бишкектеги бала бакчалардын тамак-ашына жана оңдоп-түздөө иштерине төлөөдө комиссияны жойду

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш компаниясы 2024-жылдын 1-сентябрынан 30-ноябрына чейин MegaPay мобилдик тиркемесинде Бишкек шаарындагы бардык мамлекеттик бала бакчаларда тамак-аш жана оңдоп-түздөө иштери үчүн акы төлөөдө комиссия жоюлганын билдирет.

Бул жаңычылдык ата-энелер үчүн да, жана жалпы коом үчүн да чоң мааниге ээ.

MegaPay аркылуу ата-энелер мамлекеттик бала бакчалардагы тамак-аш жана оңдоп-түздөө иштери үчүн төлөмдөрдү үйдөн чыкпастан тез жана ыңгайлуу жүргүзө алышат. Бул –  убакыт эң баалуу ресурстардын бири болгон заманбап дүйнөдө өзгөчө маанилүү. Эми төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн банктарда же почта бөлүмдөрүндө кезекке туруу зарылчылыгы жок.

Кантип төлөө керек?

- MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);

- “Төлөм” бөлүмүнө, андан кийин “Билим” бөлүмүнө өтүңүз;

- керектүү аймакты жана кызматты тандоо;

- баланын өздүк эсебин (маалыматты мектепке чейинки билим берүү мекемесинен алууга болот), суммасын киргизүү;

- "Улантуу" баскычын басканда, система толук аты-жөндү көрсөтөт (тууралыгын текшерүү керек);

- төлөмдү ырастоо.

Же болбосо,

- Бишкек шаарындагы бардык мамлекеттик бала бакчаларда QR-код жазылган плакаттар илинген, аларды сканерден өткөрүп, өздүк эсепти жана сумманы киргизип, төлөмдү ырастаңыз.

Даяр!

MegaPay ата-энелерге гана жардам бербестен, Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүгө да салым кошот. Электрондук төлөмдөрдү колдонууну көбөйтүү калкты тейлөөнүн ачык-айкын жана натыйжалуу системасын түзүүгө өбөлгө берет.

MegaPay  – күнүмдүк жашооңуздагы сиздин алмаштыргыс жардамчыңыз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Корпоратив 24»

  • Услуга

    «Лимитирование»

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)