Перейти на новый сайт

Даниэль Лозакович өзүнүн концерти менен Бишкекти дагы бир жолу кубантат

Эгер сиз таланттуу скрипкачы Даниэль Лозаковичтин буга чейин өткөн концертине бара албай калган болсоӊуз, анын виртуоздук чыгармаларынан ырахат алууга дагы бир сонун мүмкүнчүлүк бар. Бишкекте өтө турган классикалык музыка концертинде заманыбыздын эң жаркын жаш музыка чебери Даниэль Лозакович, атактуу канадалык пианист Элен Мерсье менен биргеликте көрүүчүлөргө дагы бир жолу өз өнөрлөрүн тартуулашат.

20-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын сахнасында Даниэль Лозакович жана Элен Мерсье өз өнөрлөрүн көрсөтүп, эмоцияларга жана техникалык мыкты чеберчиликке толгон уникалдуу программадагы концерт өткөрөт.

Элен Мерсье, же  Элен Мерсье Арно ат менен белгилүү болгон, миллардер жана Louis Vuitton Moet Hennessy корпорациясынын башчысы Бернар Арнонун жубайы, , Европанын эң бай айымы пианисттик карьерасын таштоону ойлогон эмес. Ал жеке концерттерде, ошондой эле белгилүү музыканттар менен дуэтте, ансамблдерде чыгат. Мындан тышкары, ал өз чыгармаларын дүйнөнүн эң ири оркестрлеринин коштоосунда аткарып, көптөгөн эл аралык музыка фестивалдарына катышкан.

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору концерттин расмий демөөрчүсү болуп саналат жана музыкалык искусствону баалагандарга унутулгус таасир калтыра турган, чыныгы майрамга айланган классикалык музыка кечесине чакырат.

Музыканттар кылдаттык менен тандалган программаны тартуулашат, анын ичинде Бахтын, Брамстын сонаталары жана адамдын жан дүйнөсүн козгой турган виртуоздук чыгармалар бар. Көрүүчүлөр ар кандай стилдерди жана доорлорду чагылдырган, эмоциялардын байлыгын жана пейзаждын ар түрдүү добуштарын музыка аркылуу бере алган техникалык да, лирикалык да чыгармаларды угуудан ырахат ала алышат.

Классиканын эң улуу шедеврлеринин дүйнөсүнө сүңгүп, өзүңүзгө жана жакындарыңызга унутулгус искусство кечесин тартуулаӊыз!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Мобильный офис»