Перейти на новый сайт

MEGA бүткүл Кыргызстан боюнча камтууну кеңейтет жана базалык станцияларды жакшыртат

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өзүнүн кардарларына заманбап жана сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүүгө умтулуу менен, өзүнүн инфратүзүмүн жигердүү өнүктүрүүнү жана базалык станцияларды модернизациялоону улантууда. Жогорку ылдамдыктагы интернетке жана ишенимдүү уюлдук байланышка болгон муктаждык тездик менен өсүп жаткан шарттарда, MEGA компаниясы камтууну туруктуу кеңейтүүгө жана байланыштын сапатын жакшыртууга басым жасайт.

2024-жылдын июль жана август айларында жүргүзүлгөн техникалык иштер Кыргызстандын бардык аймактарында сигналдын сапатын жакшыртууга жана 2G/3G/4G тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Бишкек, Жалал-Абад, Талас, Ош, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 3G жана 4G тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.

Төмөндөгү айылдарда да байланыштын жана төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин сапаты жакшырды:

Баткен облусу: Ай-Көл, Чапаев атындагы (Гордой), Акимбек, Жаңы-Абад, Марказ, Алга, Жеңиш жана Кара-Бак.

Жалал-Абад облусу: Димитровка, Камыш-Башы, Садда, Гүлистан, Доскана, Жаңы-Арал, Сугатчы, Күнөскана, Ынтымак, Базар-Коргон, Кызыл-Туу (Массы айыл аймагы), Массы, Түрк-Абад, Могол -Коргон, Бирдик, Төмөнкү-Арал (мурдагы Рассвет), Дөбөй, Кара-Жыгач, Миң-Өрүк, Таштак (Барпы айыл аймагы), Курулуш (Ноокат айыл аймагы), Сакалды, Черемушка жана Арсланбоб.

Ысык-Көл облусу: Ак-Булуң, Беловодское, Мундуз, Тилекмат, Саруу, Кашат, Темиров, Кара-Шаар, Оттук, Михайловка, Бостери, Көөчү, Алкым, Кытай (Комсомол), Бостери жана Корумду.

Нарын облусу: Табылгыты, Кызыл-Эмгек, Базар-Турук, Ат-Башы, Осовиахим (Молдо-Кылыч), Чолпон, Жалгыз-Терек жана Жан-Булак

Ош облусу: Бабур, Ден-Булак, Мичурин, Отуз-Адыр, Кечкен-Жар, Курбан-Кара (Савай айыл аймагы), Кызыл-Шарк, Савай-Арык, Тынчтык, Асанчек, Мады, Торгой-Булак, Правда, Нариман, Кыргызстан, Сары-Камыш, Кара-Кочкор, Күӊгөй-Хасан, Абшыр-Ата, Ак-Шор, Жеке-Мисте, Найман, Меркит, Муркут жана Толман.

Талас облусу: Жийде, Боо-Терек, Покровка, Жайылган жана Ак-Башат.

Чүй облусу: Константиновка, Александровка, Кашка-Суу, Малиновка, Интернациональное, Жакынкы Арал, Алыскы Арал, Романовка, Сокулук (Сокулук айыл аймагы), Чалдыбар, Нижневосточное, Новопокровка (Логвиненко айыл аймагы), Новопокровка (Новопокровка айыл аймагы), Биринчи Май жана Кызыл-Октябрь.

Базалык станцияларды жакшыртуунун эсебинен төмөнкү айылдарда 3G тармагынын сигналы жакшырды:

Баткен облусу: Ай-Көл, Чапаев (Гордой), Акимбек, Жаңы-Абад, Марказ, Алга, Жеңиш жана Кара-Бак.

Жалал-Абад облусу: Комсомол, Үлгү, Чеке-Дөбө, Димитровка, Камыш-Башы, Садда, Курулуш (Ноокат айыл аймагы), Сакалды, Черемушка, Благовещенка, Мундуз (Кызылтуу айыл аймагы), Түрк-Абад жана Жазгак жана Ынтымак.

Ысык-Көл облусу: Ак-Булуң, Беловодское, Барскоон, Мундуз, Тилекмат, Кара Шаар, Оттук, Бостери.

Нарын облусу: Кызыл-Эмгек, Базар-Турук, Ат-Башы, Осовиахим (Молдо-Кылыч), Чолпон, Сары-Ой, Жылан-Арык жана Жаңы-Талап.

Ош облусу: Правда, Чымбай жана Абшыр-Ата

Чүй облусу: Виноградное, Полевое жана Привольное

Талас облусу: Покровка, Жайылган, Жийде, Маданият, Үрмарал жана Боо-Терек.

Ошентип, тармакты тынымсыз өнүктүрүүнүн жана базалык станцияларды модернизациялоонун аркасында MEGA рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөнү жана өзүнүн абоненттерине уюлдук байланыштын алдыңкы кызматтарын сунуштоону улантууда.

Эскерте кетсек, тармактын камтуу аймагы тууралуу маалыматты MEGAнын расмий сайтынан Интерактивдүү камтуу картасынын жардамы менен онлайн режимде алууга болот. Анын жардамы менен жакын жердеги базалык станциялардын сигнал деңгээлине оӊой эле көз салып, Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G менен камтуу жөнүндө билүүгө болот.

Ошондой эле MEGA абоненттери тармактык камтууну күчөтүүгө муктаж болгон калктуу конуштар боюнча өз сунуштарын компаниянын Байланыш борборуна *500 кыска номуру, WhatsApp +996 999 500 000 же Telegram аркылуу жөнөтө алышат.

MEGA – өзүбүздүн байланышты колдон!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы