Перейти на новый сайт

MEGA өз абоненттерин кубантат: Премиум номерлер 100%га чейин арзандатуу менен

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору премиум категориясындагы номерлерге 100%га чейин арзандатууларды сунуштоо менен өз кардарларын кубантууну улантууда. Бул жаңы жана учурдагы кардарлар үчүн тарифтик шарттарын жакшыртууга жана эксклюзивдүү номерлерди алууга сонун мүмкүнчүлүк!

Премиум категориясындагы номерлер - бул терүүгө оңой жана эстеп калууга ыңгайлуу айкалыштагы сандардан турган номерлер. Мындай номерлер кожоюнунун статусун белгилейт, айрыкча, бизнесмендер жана деталдарга маани бергендер үчүн ылайыктуу. Ошондой эле, жакындарыӊызга жана кесиптештериӊизге жагымдуу белек да болушу мүмкүн.

Арзандатуулар 100%га чейин жетет, бул премиум номерди сатып алууну баарына жеткиликтүү кылат. Сатыкта номерлердин ар кандай категориялары бар - "күмүштөн" "платинага" чейин.

MEGA’нын бардык кеӊселеринен же компаниянын промоутерлеринен «Элдики + MegaTV» жана «Атайын сунуш 500» линиясындагы тарифтеринин бирин кошуу менен жаңы SIM-картаны алууда VIP-номерлерди жагымдуу баада сатып алсаңыз болот.

Акция 2024-жылдын 20-августунан 31-октябрына чейин уланат.

MEGA, мамлекеттик уюлдук байланыш оператору катары, өз абоненттерин сапаттуу байланыш жана заманбап кызмат көрсөтүүлөр менен гана эмес, жашоону ыңгайлуу кылган жагымдуу сунуштар менен да кубантууну улантат.

Номериңизди чындап маңыздуу кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы