Перейти на новый сайт

7 миллион долларга жыштыктар: MEGA мамлекеттик оператору электрондук аукционду утуп алды

Бүгүн, 2024-жылынын 9-октябрында  www.auction.nas.gov.kg мамлекеттик порталында радиожыштык спектрин сатуу боюнча электрондук аукцион болуп өттү, ага үч уюлдук байланыш оператор катышты. MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору LTE (4G) радиожыштыктарынын онлайн-аукционун эң жогорку баада жеңип алды жана 2540 МГц (кабыл алуу) жана 2660 МГц (берүү) диапазонундагы 20 МГц өткөрүү жөндөмдүүлүгүндөгү баалуу жыштыктардын ээси болот.

Аукциондун жыйынтыгы боюнча компания жыштыктарга эң жогорку бааны 600 915 000 сом (7 миллион АКШ долларынан ашык) суммасында сунуштады, бул өз кезегинде түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине түшөт.

Бул олуттуу жетишкендик мамлекеттик компанияга жакынкы келечекте LTE (4G) мобилдик интернетинин ылдамдыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Кең тилкелүү кирүү системалары үчүн радиожыштыктарды алуу MEGA үчүн жөн гана стратегиялык жетишкендик эмес, өлкөнүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн кезектеги этабы болуп саналат. MEGA мобилдик оператору Кыргызстандын бардык аймагында антенналардын (базалык станциялардын) курулушун көбөйтүүнү пландоодо. Миллиондогон абоненттер мобилдик интернеттин жана байланыштын сапатынын олуттуу жакшыруусун сезишет. Кошумчалай кетсек, уюлдук операторлор үчүн радиожыштыктарды электрондук аукцион аркылуу сатуу мамлекеттик бюджетти түз толтурууга алып келет жана жалпы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошууда.

MEGA өкүлдөрү миллиондогон абоненттерине күнүмдүк байланыш кызматтарын колдонгону жана компаниянын чоң өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. «Бизге ийгиликке жетүүгө жардам берген ишеними жана колдоосу үчүн бардык абоненттерибизге ыраазычылык билдиребиз. MEGA мамлекеттик оператору мобилдик интернетти, үн кызматтарын өркүндөтүү жана ар бир абоненттин керектөөсүн канааттандырууга багытталган кызыктуу кызматтарды киргизүү боюнча иштерди улантат», — деп белгиледи уюлдук байланыш оператору.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «Мобильный офис»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»