Перейти на новый сайт

MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) сыйлыктык категориядагы номерлерге берилген белектик сертификаттар (берилген күнү көрсөтүлбөгөндөрү) берилген күндөн тартып бир жылга чейин жарамдуу экенин маалымдайт.

Документтин жарамдуу мөөнөтү так көрсөтүлгөн белектик сертификаттар жана документтин берилген жылы белгиленген сертификаттар (бул учурда документте белгиленген жылдын кийинки жылындагы 31-декабрь күнү бүтөт) жогоруда айтылгандарга тиешелүү эмес.

Сертификаттын жарамдуу мөөнөтү учурунда аны колдонбосо сертификаттын ээси абоненттик номерден баш тартты деп эсептелет жана пайдаланылбаган сертификат жокко чыгарылат.

Белекке берилген сертификат акча каражатына алмаштырылбайт.

Толугураак маалыматты MegaCom’дун Кыргызстандагы бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунун Байланыш-борборлоруна *500 кыска номерлери аркылуу чалып билсеңиз болот. Мындан тышкары MegaCom компаниясынын расмий сайтынан да толук маалыматтар менен тааныша аласыз.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы