25-сентябрдан 29-сентябрга чейин Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо U-20 жаштар курама командаларынын арасында Азия кубогу-2025 мелдешинин тандоо оюндары өтөт.
Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилиги астындагы Кыргыз Республикасынын курама командасы “I” тайпасындагы атаандаштары: Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курама командалары менен беттешет. Тандоо оюндарына 10 тайпага бөлүнгөн 45 команда катышат. Өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген командалар, ошондой эле экинчи орунду алган 6 мыкты команда Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.
Эскерте кетсек, эми борбор калаанын башкы стадионунда өтүп жаткан оюндар учурунда күйөрмандар матчтан ырахат алып гана тим болбостон, достору жана жакындары менен реалдуу убакыт режиминде кызыктуу учурларды да бөлүшө алышат. Мунун баары MEGAдан акысыз Wi-Fi менен жеткиликтүү.
Кантип кошулууга болот?
1. MEGA_WiFi тармагын табыӊыз
2. MEGA телефон номериңизди киргизиңиз
3. SMS менен код алыңыз
4. Кодду киргизип, жогорку ылдамдыктагы Интернеттен ырахаттаныӊыз!
Эгерде оюндарды өзүӊүз барып көрө албасаңыз, анда MegaTV мобилдик колдонмосунда Кыргыз Sport TV каналында матчтарды түз эфирде көрүү мүмкүнчүлүгү бар.
MegaTV колдонмосунун (App Store жана Google Play) аркасында күйөрмандар оюндун жүрүшүнө үйдөн чыкпастан, жада калса жолдо баратып да көз сала алышат. Колдонмо ыңгайлуу интерфейс жана көптөгөн пайдалуу функциялар менен жогорку сапаттагы берүүлөрдү сунуштайт. Беттешти каалаган түзмөктөн – смартфон, планшет, Smart TV же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот.
Биздин жаштар курама командабызды колдоп, континенттик башкы турнирге катышуу үчүн күрөшүн көрүңүз!
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!