Перейти на новый сайт

MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

Урматтуу абоненттер! Байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды жакшыртуу жумуштарын жүргүзүүгө байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 29 - июнда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндөгү убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө: Кара-Балта шаары, Ленин жана Центральная көчөлөрүнүн аймагы, Ысык-Көл областы, Каракол шаары, ТЭЦдин аймагы, Барскоон, Семеновка, Бөкөнбаев, Түп жана Жети-Өгүз айылдары; Ош шаары Кызыл-Кыштак, Зарбдор, Шарк айылдары, Кыргызстан, Мануил, Ленин, Жил, Жийделик көчөлөрүнүн жана аэропорттун аймагы камтылат.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы

Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы